Ысык-Көлдөн 1100 метрге жеткен эски торлор чыгарылды

Аймак 5 ноябрь 2025 16:20
576873080_823484583638006_5221874490438415625_n.jpg
577873852_823484580304673_2218245765827655607_n.jpg
Алдыга
Артка
576873080_823484583638006_5221874490438415625_n.jpg
577873852_823484580304673_2218245765827655607_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Күн мурун Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Ысык-Көлдөн 1100 метрге жеткен мыйзамсыз коюлган синтетикалык эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул иш-чарага жарандык активисттер да катышты. Мындай иштер балык ресурстарын жана көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоого багытталган.

Мындан тышкары, экологиялык коопсуздукту сактоо жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюу максатында рейддик текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.