Ысык-Көлдөгү пансионат, эс алуу үйлөрүнө медпункт түзүү талабы коюлду

Ден соолук Загрузка... 28 Июль 2025 15:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы пансионаттарга, жеке менчик эс алуу үйлөрүнүн ар бирине медициналык пункт түзүү талабы коюлду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева жергиликтүү радиолордун бирине билдирди.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 13.13.35.jpeg

Анын айтымында, медпунктта сөзсүз дарыгер жана медайым болушу керек.

“Учурда эс алуучу жайларда медициналык тез жардам көрсөтүү пункттарын түзүү боюнча иш алып барып жатабыз. Андан тышкары, минкабдын атайын буйругунун негизинде бир нече мекемелер тарабынан көлдүн тегерегиндеги пансионат, жеке менчик эс алуу үйлөрүнүн жардам көрсөтүү деңгээлин текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Өлкө боюнча тез жардам бригадалары уюштурулган. Мисалы, Бишкек-Ош жолундагы токойлуу делген 114 чакырымда 3, Төө-Ашууда 2, Чычкан капчыгайында 3, Бишкек-Торугат жолундагы Боом капчыгайынын ичинде 4, Каракол-Эңилчек жолунда 1 медициналык бригада бар. Анткени, жайкысын көлдө эс алуучулардын саны көп болгондуктан Боомдун ичине 4 бригада унаасы менен коюлган”,- деди Ибраева.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 3, Балыкчыда 1, Караколдо 3, Түп районунда 2, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң районунда бирден медпункттар бар экендиги кошумчаланды.

92e7b7b3-6b9d-48c2-8d4d-c5e0ea3eeaf4_3.jpg

“Бул медпункттардын бардыгы ыкчам жардам көрсөтүүгө ылайыкталган. Өзгөчө жай мезгили туристтик сезондун эң активдүү учуру болгондуктан, жарандардын жана туристтердин коопсуздугу өзгөчө мааниге ээ. Саламаттык сактоо министрлиги бул мезгилде ыкчам жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү максатында атайын комплекстүү план иштеп чыкты. Өлкөнүн бардык аймактарында медициналык жабдуулар текшерилип, дары-дармек запастары түзүлүп, ооруканада кошумча орундар даярдалды. Ысык-Көл жээгиндеги эс алуу жайларда медициналык пункттар ачылып, санитардык талаптарды сактоо боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө”, - деди ал.