Бишкек, 09.07.26 /Кабар/. Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу Ысык-Көлдөгү "Ден соолук" жана "Дзержинец" балдарды ден соолукту чыңдоо борборлоруна барды.
Федерациядан билдиришкендей, ал жайкы эс алуу кампаниясынын уюштурулушу жана балдарга түзүлгөн шарттар менен жеринен таанышты.
"Ден соолук" лагери Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигине карайт. Текшерүү учурунда төрага балдардын жатакана шарттарын, тамак-ашын, медициналык тейлөөнү жана коопсуздук чараларын өзгөчө көзөмөлгө алды. Ошондой эле лагердин кызматкерлери жана эс алып жаткан мектеп окуучулары менен маектешип, алардын алган таасирлери менен кызыкты.
Кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн балдары үчүн "Дзержинец" лагерине 10 күндүк жолдомо 13 миң сом, ал эми "Ден соолук2 лагерине 11 миң сомду түзөт.
Бир жайкы сезондо "Ден соолук" лагери 2400гө жакын баланы, ал эми "Дзержинец" 3200дөй баланы кабыл алып, өлкөнүн бардык аймактарынан келген миңдеген жеткинчектердин ден соолугун чыңдайт.
Жыйынтыгында федерация башчысы балдардын коопсуз, ыңгайлуу жана кызыктуу эс алуусун камсыз кылуу уюмдун ишмердүүлүгүндөгү эң негизги артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи.