Ысык-Көлдүн туристтик аймактарында электр кубаты жогорулатылууда

Аймак 05 Июнь 2026 12:05
714444460_985557137402595_1198980196102418872_n.jpg
715435739_985557130735929_286238438923253415_n.jpg
715750258_985557154069260_5977128973935656375_n.jpg
717341082_985557234069252_7560602125539184373_n.jpg
717357660_985557170735925_2780028791114636716_n.jpg
717425153_985557217402587_7221421733463596106_n.jpg
717439008_985557207402588_3863470267210626422_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү ири көмөк чордондор жаңыланып, кубаттуулугу көбөйтүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана сапаттуу камсыздоо максатында, учурда "Пржевальская" жана "Долинка" көмөк чордондорунда модернизациялоо иштери кызуу жүрүүдө.

Алсак, "Пржевальская" көмөк чордонунда эскирген эки даана 25 МВА трансформатору толугу менен заманбап 40 МВАлык жаңы жабдууларга алмаштырылды. Натыйжада көмөк чордондун жалпы кубаттуулугу 65 МВAдан 80 МВАга чейин жогорулады. Бул Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун тургундарын туруктуу жарык менен үзгүлтүксүз камсыздоого жол ачат.

Ал эми "Долинка" көмөк чордонунда эскилиги жеткен 10 жана 16 МВА кубаттуулуктагы трансформаторлорду эки даана жаңы 40 МВАлык жабдууга алмаштыруу иши башталды. Учурда долбоордун биринчи этабы аяктап, алгачкы 40 МВА трансформатору ишке берилди. Экинчи этаптагы жумуштар ушул жылдын июнь-июль айларында толугу менен соңуна чыгат.

"Мындай масштабдуу жаңылоо иштери Ысык-Көлдүн чыгыш жээгиндеги калктуу конуштарды гана эмес, жайкы туристтик мезгилде ири чыңалуу менен иштей турган аймактагы бардык эс алуу борборлорун жана туристтик объектилерди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга толук кепилдик берет",-деп айтылат маалыматта.