Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Ысык-Көлдүн эң кооз капчыгайларынын биринде "Жууку" курорттук-ден соолукту чыңдоо комплексин реконструкциялоо жана кеңейтүү долбоору башталды. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков билдирди.
Бул демилгеге РКӨФ тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлүп, бул максаттарга 30 млн сом бөлдү.
Новиковдун айтымында, Ысык-Көл аймагынын туристтик инфраструктурасын өнүктүрүү Фонддун ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири.
"Ысык-Көлдө жыл бою туризмди өнүктүрүүгө чоң потенциал бар. Мындай долбоорлорду колдоо жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инвестицияларды тартууга жана аймактык экономиканы бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Биз ата мекендик туризм тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган демилгелерди каржылоону улантабыз", — деди Артем Новиков.
Долбоордун алкагында учурдагы корпустарды оңдоо, жаңы дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана эс алуучу объектилерди куруу, ошондой эле заманбап экологиялык жана инфраструктуралык талаптарды эске алуу менен айланасындагы аймакты көрктөндүрүү пландаштырылууда.