Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөөлөр киргизилет. Себеби

Аймак Загрузка... 18 Июль 2025 15:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 21-22-23-июль күндөрү Кыргызстанга Монголиянын президенти мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө. Бул сапардын алкагында Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жол кыймылына мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

Башкармалык жарандардан мамлекеттик маанидеги бул иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн аймактардагы жол жээктерине унаа токтотпоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпоону жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жардам берүүнү, кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоону суранат.