Ысык-Көлдө жол коопсуздугун санариптештирүү тутуму текшерилди

Аймак Загрузка... 26 Июль 2025 15:31
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бишкек, 26.07.25./Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов Ысык-Көл облусунда жол коопсуздугун санариптештирүү багытын текшерди.

Башкармалыктан билдиришкендей, анда кызматкерлердин ишин жеңилдетүү жана жалпы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу үчүн орнотулган жана жүрүп туруучу Автоураган аппараттык программалык комплексинин иштөө тартибин, аныкталган эреже бузуу фактыларын текшерип, кемчиликтерди жоюу боюнча тийиштүү тапшырмаларды койду.

Эске салсак, жыл башынан тартып Автоураган АПК аркылуу кылмыш кылып, жол унаа кырсыгынан кийин качып издөөдө жүргөн, каттоосу убактылуу токтотулган жана башка одоно эреже бузган 14 миңден ашуун унаа кармалган.

Ошондой эле Айбек Жумагулов кызматкерлерге жана кызматтык унааларга бекитилген боди камералардын, ЖПСтердин жана жалпы санарип багытындагы техникалык базанын ишмердүүлүгүн текшерип, өлкө башчынын “Коопсуз өлкө”, “Ишмердүүлүктү санариптештирүү” өңдүү жарлыктарынын талаптарын кынтыксыз аткаруу зарылчылыгын белгиледи.