Ысык-Көлдө көмөк чордондордун кубаттуулугу жогорулатылды

Аймак Загрузка... 30 Июль 2025 09:45
480137966_622399970_dsUC5j6.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.07.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордун кубаттуулугу жогорулатылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Атап айтканда, 35/10 кВ "Южная-1", "Саруу" жана "Кең-Суу" көмөк чордондорунда кубаттуулугу жогору жаңы трансформаторлор орнотулуп, жалпы кубаттуулук 13,5 МВАга жогорулатылды.

"Бул өзгөртүүлөр электр жүктөмүнүн өсүшүнө даярдыкты камсыз кылып, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз энергия менен камсыздоону жакшыртат, - деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл электр тармактарынын көмөк чордон кызматы облус боюнча 35 кВдан 220 кВга чейинки жалпы 61 көмөк чордонду тейлейт. 2025-жылдын башынан бери 1029 электр жабдуусу пландуу техникалык тейлөөдөн өтүп, 104 жабдуу капиталдык оңдоодон өттү.

Мындан сырткары, 35/10 кВ "Ачикеев" көмөк чордонунда 1989-жылы орнотулган эски жабдуулар авариялык абалдардын алдын алып, жүктөм ашыкча болгон учурда электр чынжырларын автоматтык түрдө өчүрүү функциясына ээ.

Техникалык иштер күз-кыш мезгилинде керектөө жогорулаган маалда электр тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган.