Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда желим баштыктарга чектөө киргизүү, аларды жок кылуу жана таштанды полигондорундагы абал тууралуу "Эко Деми" фондунун президенти Айжан Чыныбаева "Биринчи радионун" түз эфиринде айтып берди.
Чыныбаева желим баштыктарды колдонууну чектөө зарыл экенин, бирок аны ишке ашыруу татаалдыгын белгилейт.
"Көйгөй баштыктын өзүндө эмес, аны кайра иштетүүдө же жок кылууда. Кант, туз, күрүч сыяктуу чачылма азыктарды кагаз баштыкка салуу дайыма эле мүмкүн эмес, ошондуктан желим баштыкка альтернатива табуу кыйын. Бирок, чектөөлөр адамдардын адаттарын өзгөртүүгө багытталган. Мурда дүкөндөрдө бир эле сагыз алсаң да баштыкка салып беришсе, азыр: "Баштык аласызбы? Ага акы төлөнөт" деп сурап калышты. Бул – элдин менталитетин өзгөртүүгө жана баштык сатып алууну азайтууга багытталган жакшы кадам", – деди ал.
Ошондой эле ал желим баштыктардын зыянын эске салып, тилекке каршы, микропластик адамдын организминен да табылып жатканын белгиледи. Анын байкоосунда, Ысык-Көлдө азыр желим баштыктар мурдагыдай кеңири колдонулбай калды.
Анын айтымында, быйыл жыл аягына чейин Ысык-Көл облусунда эки завод курулат. Алар желим баштыктарды полигондорго топтобой, өрттөп жок кылууга багытталат.
"Мурда облус аймагында 88 расмий полигон жана таштанды жайлары болсо, азыр алардын саны 10го чейин кыскартылды. Эми таштандылар жер кыртышын булгап жылдап жатпастан, ушул 10 пунктка чогултулуп, андан кийин көлдүн түндүк жана түштүк жээгиндеги таштанды өрттөөчү заводдорго ташылат", – деп түшүндүрдү ал.
Айжан Чыныбаева таштандыны өрттөө аркылуу электр энергиясын алуу натыйжалуу экенин кошумчалады.
"Желим баштыктарды таштандыдан арылтуу үчүн жууп-тазалоодо биз сууну өтө көп коротобуз. Андыктан, баштыктарды өрттөп, андан электр энергиясын алуу алда канча натыйжалуу. Бул – таштандыны азайтуунун жана экологиялык чакырыктарга жооп берүүнүн жалгыз жолу", – деп жыйынтыктады ал.