Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Ысык-көлдөгү мурдагы "Архитектор" пансионатынын аймагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Курорттук комплексти куруу жана башкаруу» долбоору «Полар Айс» ЖЧКсына ыйгарылды.
МЖӨ борборунан билдиришкендей, бул долбоор Кыргызстандын жашоочуларына жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген конокторго жыл бою эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон эл аралык класстагы, бардык мезгилде иштеген, кеңири жеткиликтүү курорттук комплексти түзүүгө багытталган.
Комплекстин курамына жыл бою активдүү эс алуу кызматтары, ар кандай категориядагы мейманкана комплекси, SPA жана реабилитациялык кызматтар жана коомдук тамактануу жайлары, эс алуу жана бизнес объекттери (конференция залдары, бизнес борборлор, конгресс-холлдор) кирет.
Белгилей кетсек, туризмди өнүктүрүү максатында иштеп жаткан инфраструктуралык объектилерди өнүктүрүүнүн жана жаңыларын куруунун аркасында туристтик аймактар сапаттуу инженердик-транспорттук инфраструктура менен камсыз кылынат.
Аларга аэропортторду, республикалык маанидеги жолдорду жана туристтик объекттерге баруучу жолдорду куруу жана модернизациялоо, суу менен камсыздоо тутумдарын, тазалоочу курулмаларды, катуу калдыктарды чыгаруу, энергетика жана инфраструктураны модернизациялоо жана кеңейтүү кирип, инфраструктураны өнүктүрүүгө салым кошот.