Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө жаңы канализациялык система курулуп, парк көрктөндүрүлөт жана 2 музей реконструкцияланат. Бул тууралуу бүгүн Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун "Ысык-Көл көлүн экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышуусу учурунда белгилүү болду.

Анда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев мамлекет башчысына долбоордун алкагында Бостери, Бактуу-Долоноту, Чолпон-Ата жана Кара-Ой калктуу конуштарын бириктирген жаңы канализациялык тармактарды куруу пландаштырылып жатканын маалымдады.
Мындан тышкары, долбоордо суткасына 14,2 миң куб метр кубаттуулуктагы жаңы канализациялык тазалоочу станцияны куруу каралган. Ошондой эле объектти натыйжалуу пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча чаралар, 12 насостук станцияны куруу мерчемделген. Эки ири насостук станциянын курулушу башталды.
Туристтик инфраструктураны жакшыртуунун алкагында долбоорго А.Осмонов атындагы паркты көрктөндүрүү, "Саймалуу Таш" музей комплексин реконструкциялоо, Чолпон-Ата шаардык музейин реконструкциялоо жана жээк бойлой велосипед жана чуркоочу жолдорун камтыган эки промендад куруу кирет.
Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун жалпы наркы 64,9 млн долларды түзөт, анын ичинен 31 млн доллары – гранттык каражат, 25 млн доллары – кредиттик каражат жана 8,9 млн доллары – Кыргызстандын тең каржылоосу.
Үстүбүздөгү жылдын июнь айында China Road компаниясы менен саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу, ошондой эле Алкаташ компаниясы менен башкы жана ортоңку канализациялык насостук станцияларды куруу жана 5,9 км канализациялык коллекторлорду төшөө боюнча келишимге кол коюлду.
Долбоор 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт деп күтүлүүдө.