Ысык-Көлдө жаш спортчуга бир бөлмөлүү батир тапшырылды

Аймак Загрузка... 15 Январь 2026 17:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө жаш спортчу Кубаныч Талдыбековго Бостери айылынан бир бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, эки жума мурун социалдык тармактарда Кубаныч Талдыбековдун оор турмуштук шартта жашап жаткан видеосу тараган соң, бул маселе коомчулуктун жана тиешелүү мекемелердин көңүл чордонунда калган.

Аталган жагдайдан кийин жергиликтүү бийлик тарабынан жаш спортчуга убактылуу жашай турган жай берилип, анын социалдык абалын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлгөн.

Натыйжада бүгүн Ысык-Көл облусунун башчысы Бакытбек Жетигенов Кубаныч Талдыбековго Бостери айылынан берилген бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырып, мындан аркы спорттук жетишкендиктерине ийгилик каалады.

"Бул колдоо жаш спортчунун келечекте эркин машыгып, өлкө намысын коргогон жогорку ийгиликтерге жетишүүсүнө өбөлгө түзөт", - деп белгилешти өкүлчүлүктөн.