Ысык-Көлдө жапайы каманга мыйзамсыз аңчылык аныкталды

Аймак 7 октябрь 2025 15:30
560582242_18029715593718141_8739965991962615171_n.jpg
560224724_18029715557718141_439817687844696364_n.jpg
560496527_18029715587718141_3293225015754021172_n.jpg
559840042_18029715596718141_6231944211473110854_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 3-октябрга караган түнү Ак-Суу районунун Тургөн капчыгайында жүргүзүлгөн рейд учурунда Боз-Учук айылынын 1997-жылы туулган Т.К. аттуу жараны мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалды.

Кармоо маалында шектүүнүн жанынан бир даана жапайы каман (чочко) жана үч даана мыйзамсыз ок атуучу курал табылып алынган.

Учурда Кылмыш-жазык кодексинин 310-беренеси жана 267-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, иш-чара Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экология кызматы жана Жаратылыш ресурстары ,экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-көл аймактык башкармалыгынын егери жана Ысык-көл мамлекеттик коругунун егерлери менен биргеликте өткөрүлдү.