Ысык-Көлдө жамгыр жаашы күтүлөт – 25-ноябрга карата аба ырайы

Коом Загрузка... 24 Ноябрь 2025 18:10
01K5H4YM6R9ZJQD1JKHKVSWZZQ.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-ноябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, эртең Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +13... +18, Талас облусунда +11... +16, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +15... +20, Ысык-Көл облусунжа +6... +11, Нарын облусунда +4... +9 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +16... +18 градусту түзөт.