Ысык-Көлдө жалпы баасы 44,8 млн сомдук жер тилкелер мамлекетке өттү

Аймак 14 июль 2025 11:06
Кызыл-Суу 3 уч 6 га жер-fotor-20250709235214 (1).jpg
518138189_1058523813133337_5740677791902340319_n.jpg
518285722_1058523816466670_2780438025163561388_n.jpg
518987389_1058523803133338_5588082515076369247_n.jpg
Алдыга
Артка
Кызыл-Суу 3 уч 6 га жер-fotor-20250709235214 (1).jpg
518138189_1058523813133337_5740677791902340319_n.jpg
518285722_1058523816466670_2780438025163561388_n.jpg
518987389_1058523803133338_5588082515076369247_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 14.07.25 /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жалпы баасы 44 млн 806 миң сомдук жер тилкелери мамлекетке өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча Ысык-Көл облустук жана Жети-Өгүз райондук прокуратуралар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, Түп районунда көлдүн жээгинде жайгашкан, аянты 4,5 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткен.

Мындан тышкары, Жети-Өгүз районунун Жаргылчак, Кызыл-Суу жана Оргочор айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы жалпы аянты 23 гектар болгон айыл чарба багытындагы жер тилкелер жарандардын менчигине мыйзамсыз берилгени аныкталды.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде, жалпы 44 млн 806 миң сомдук жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелер кайрадан мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Прокуратура органдары мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо жана жер ресурстарынын мыйзам чегинде пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү багытындагы иштерди улантууда.