Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө Туристтик-экологиялык кызматынын кызматкерлери жайкы туристтик сезондун алкагында облустун тоолуу жана жайыт аймактарында алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө.
Облустук милициядан билдиришкендей, түшүндүрүү иштери эс алуучулар, чет өлкөлүк туристтер жана тоолордо туристтик кызмат көрсөткөн жеке ишкерлер арасында жүргүзүлүүдө.
Милиция кызматкерлери жайыттарда унаа, трактор, комбайн жана башка транспорт каражаттарын айдоого мыйзам тарабынан катуу тыюу салынарын эскертишүүдө.
Ошондой эле жарандарга жайыт жерлерин өз билемдик менен мыйзамсыз бузууга жана тиешелүү уруксат кагаздары жок мал айдоого жол берилбестиги түшүндүрүлдү.