Ысык-Көлдө Өзбекстандын Bo’ston Resort комплекси ачылды

Коом Загрузка... 15 Июль 2025 12:53
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 15.07.25. /Кабар/. Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Кажы-Сай айылында Өзбекстандын Bo’ston Resort эс алуу жана дарылоо комплекси ачылды, деп билдирет Ishonch гезити.

Иш-чарага Өзбекстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы Кудратилла Рафиков жетектеген делегация жана Кыргызстандан ардактуу коноктор катышты.

Салтанатта курмандык чалынып, куран окулуп, эки элдин достугуна ак баталар берилди.

Федерация төрагасы Кудратилла Рафиковдун айтымында, бул тарыхый окуя болуп эсептелет. "Дүйнөдө саясий жана экономикалык туруксуздук өкүм сүрүп турган азыркы доордо өзбек менен кыргыз элдеринин кылымдарды карыткан достугу жаңы мазмунга ээ болуп, күн сайын бекемделүүдө. Бул достукту ар кандай тышкы жана ички терс көз караштардан сактоо — жалпыбыздын ыйык милдетиз", - деди ал.

Маалыматка ылайык, жайкы мезгилде 400гө, кышында 200гө чейин эс алуучуну кабыл ала турган бул комплекс эс алуу жана дарылоо шарттарына толук ылайыкташтырылган. Мындан тышкары, 7 кабаттуу санаторий бөлүгү реконструкцияланып, медицина багытында туруктуу кызмат көрсөтөт.

Жыйынтыгында символикалык ачкыч тапшырылып, курулушка салым кошкондор сыйланды. Салтанат концерттик программа менен жыйынтыкталды.