Ысык-Көлдө заманбап Кырдаал борбору ачылды

Аймак 16 май 2025 14:08
802a7202-9432-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
57fc76ef-93a5-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
0af51c74-6277-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
15b19566-431a-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1d4216d7-393c-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Ысык-Көл облустук милициясы

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө заманбап жабдуулар менен камсыздалган жаңы Кырдаал борбору ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Белгиленгендей, Ысык-Көл облусу ички жана чет өлкөлүк туристтер көп каттаган аймак болгондуктан, коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында курорттук зоналарга, коомдук жайларга, билим берүү мекемелерине (мектептер жана бала бакчалар) 132 видеокөзөмөл камерасы орнотулуп, алардын баары Кырдаал борборуна туташтырылды.

Бул камералардын бир бөлүгү адамдын жүзүн жана автоунаалардын номерлерин тааный ала турган интеллектуалдык функциялар менен жабдылган. 2025-жылдын 1-июнуна чейин камералардын саны 200дөн ашары пландалууда.

Кырдаал борбору реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды Ички иштер министрлигине жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына жөнөтүп турат. Бул өз кезегинде окуяларга ыкчам чара көрүүгө, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого мүмкүндүк берет.

Борбордо орнотулган чоң форматтагы видеодубал операторлорго кырдаалды заматта көзөмөлдөп, туура жана ыкчам чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт. Кызматкерлер 24 саат бою тынымсыз нөөмөттө туруп, коомдук тартипти сактоо жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп жатышат.