Ысык-Көлдө VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму өтөт

Экономика Загрузка... 16 Июль 2026 12:50
2993406.2aa7fc67e862099bed84fce8763012ba.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 5-7-август күндөрү Ысык-Көлдө жылдын башкы экономикалык иш-чараларынын бири – VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында Ысык-Көл жээги ири эл аралык талкуулардын аянтчасына айланмакчы. Форумга эки өлкөнүн бизнес лидерлери, алдыңкы эксперттер жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышат.

"Жолугушууларда Борбор Азия чөлкөмүнүн келечегин аныктай турган ири инвестициялык жана экономикалык долбоорлор талкууланат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, форумга катышуу үчүн алдын ала каттоодон өтүү милдеттүү болуп саналат.