Ысык-Көлдө туристтерге ылайыкталган баалар жергиликтүү элге кымбат болууда – ишкер

Аймак Загрузка... 29 Июль 2025 11:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Өлкөдө туристтерге ылайыкталган баалар жергиликтүү элге туура келбей көйгөй жаратууда. Мындай пикирин туризм тармагындагы ишкер Бакыт Амантур уулу "Биринчи радионун" түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, бизде башка өлкөдөн келген туристтер менен ички туристтер үчүн баалар бирдей.

WhatsApp Image 2025-07-29 at 11.06.19 (1).jpeg

"Туризм анын ичинде кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө Кыргызстандагы жалпы туристтик сервистин баасын көтөрүү маселеси жаралган. Себеби, Кыргызстан сырттан келген коноктор үчүн арзан өлкө катары эмес, тескерисинче акчасы көбүрөөк ага жараша тейлөө сапаты да жогору өлкө катары позициясын көрсөтүшү керек. Бирок, сырткы конокторго көтөргөн баа ички конокторго туура келбей, көйгөйлүү маселе болуп жатат. Мисалы, Ысык-Көлдөгү туристтик мезгилди алсак, андагы баалар кээ бир жергиликтүү тургундарыбыз үчүн туура келбей, кымбат болууда. Ошол эле учурда Ысык-Көлгө ошончолук чоң талап бар. Көптөгөн коноктор келип, ал жакта биздин жөнөкөй эле киреше алып келүүчү экономикалык эреже иштейт. Талап сунушту жаратып, баланс бузулуп баалар көтөрүлүп жатат. Бул жерде бааны көзөмөлдөөдө мамлекеттин ролу чоң",- деди Бакыт Амантур уулу.

Ошол эле учурда бааны тейлөө шартына жооп бербеген абалда негизсиз көтөрүү бул жөнөкөй адамдык фактор экенин белгилеген ишкер туризм меймандостукту жактырган нерсе катары тейлөөбүзгө жараша бааны коюшубуз керек экендигин кошумчалады.