Ысык-Көлдө транспорт кызматкерлери пара менен кармалды

Укук тартиби Загрузка... 01 Октябрь 2025 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын жетекчиси С.К.М., башкы инспектору Э.А.Э. жана инспектор Ж.Э.С. пара алып жаткан жеринен кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, айдоочуларга бекер берилиши керек болгон «маршруттук карталар» үчүн Каракол шаардык департаментинин кызматкерлерине ар кандай суммада акча төлөшкөн, өз кезегинде бул боюнча далилдер табылган.

Пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын башчысы С.К.М., башкы инспектору Э.А.Э. жана инспектор Ж.Э.С. кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен тергөөнүн жүрүшүндө Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.