Ысык-Көлдө ТМУ өлкөлөрүнүн айыл чарба министрлеринин жыйыны өтүүдө

Аймак Загрузка... 25 Июнь 2025 11:45
WhatsApp Image 2025-06-25 at 11.03.48 (1).jpeg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдүн айыл чарба министрлеринин жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан жана Венгрия мамлекеттеринин айыл чарба министрлери жана алардын орун басарлары катышууда.

Жыйындын ачылышында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев сөз сүйлөп, ТМУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба тармагындагы интеграциясын жана биргелешкен өнүгүүсүн чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле ал өз сөзүндө органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, экспорттук-импорттук алакаларды кеңейтүү, заманбап агрардык технологияларды киргизүү, ошондой эле айыл чарба тармагында илимди өнүктүрүү жана жаш кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев уюмдун мүчө мамлекеттерди интеграциялоодогу маанилүү ролун жана кабыл алынган "Жол картасын" ишке ашыруу жана заманбап биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү зарылдыгын баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө министрлер, алардын орун басарлары жана айыл чарба боюнча чакырылган эксперттер сөз сүйлөп, тийиштүү багыттар боюнча пикир алмашты.

Белгиленгендей, 26-июнда ТМУга мүчө мамлекеттердин агрардык компанияларынын жана ишканаларынын, ошондой эле министрлер жыйынынын расмий катышуучуларынын катышуусунда агробизнес-форуму өтөт.