Ысык-Көлдү тазалоо иштери активдүү уланууда - Алагөзов

Коом 12 сентябрь 2025 15:40
544996898_3116602105181364_4509861476269795316_n.jpg
545337814_3116602005181374_3435904732750582756_n.jpg
Алдыга
Артка
544996898_3116602105181364_4509861476269795316_n.jpg
545337814_3116602005181374_3435904732750582756_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.09.25 /Кабар/. Ысык-Көлдү тазалоо иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык тийиштүү кызматтар Ысык-Көлдү торлор жана таштандылардан тазалоону активдүү улантышууда.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет башчы жарандарга кайрылып, мыйзамсыз аңчылыкты токтотууга жана Кыргызстандын жаратылышын сактоого чакырган.

Президенттин билдирүүсүнө ылайык, акыркы 3 жылдан бери Ысык-Көл, Соң-Көл, Токтогул суу сактагычтарынан жыйналган торлордун узундугу 5 миң 700 километр болгон.

"Бул деген Бишкек-Москва-Санкт-Петербург шаарына чейинки аралык. Балык кармайбыз деп браконьерлер салган торлорго канаттуулар да түшүп, өлүп калып жатышат.

Ошондуктан айрыкча суу жээгинде жашаган элдерибизге кайрылам: сиздер айылыңарда кимдер браконьерлик кылаарын жакшы билесиздер. Аларды уяткарып, токтотуп, сиздер да жардам бербесеңиздер тиешелүү органдар жетишпей жатышат.

Жаратылыш баарыбыздыкы. Ошондуктан ар бириңер жарандык, атуулдук милдетиңерди аткарып, көзөмөлгө алыңыздар",-деген өлкө башчы.