Ысык-Көлдө таштандыны иргеп чогултуучу контейнерлер орнотулду

Аймак 29 Май 2026 09:10
52424901505735_LVUMtfn.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
52424901505735_B4pO837.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
52424901505735_gXdDwUE.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
52424901505735_K4J1yfD.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
52424901505735_PB6IXL1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ысык-Көл облусунда калктын экологиялык маданиятын жогорулатуу жана таштандыларды сорттоп чогултууну жайылтуу максатында экологиялык акция өткөрүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине министрликтин Таштандыларды жана саркынды сууларды башкаруу башкармалыгынын башчысы Асел Мурзабаева билдирди.

52424901505735_B4pO837.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Анын айтымында, аталган пилоттук долбоордун алкагында "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатынын аймагында таштандыларды иргөөчү контейнерлер орнотулууда. Ошондой эле аймакта жүзүн таануу системалары менен жабдылган дрондор менен көзөмөлдөнүп, күзөттө турганы тууралуу эскертүү белгилери да илинген.

52424901505735_K4J1yfD.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Ал министрлик өз ыйгарым укуктарынын алкагында өлкөдөгү жана Ысык-Көлдөгү экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн мониторинг, көзөмөл жана текшерүү иш-чараларын жүргүзүп жатканын белгиледи. Бул иштер президенттин "Ысык-Көл көлүнүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында жүрүүдө.

"Келечекте министрлик таштандыларды сорттоп чогултуу тажрыйбасын аймактагы башка эс алуу объекттеринин арасында да жайылтууну көздөп жатат", - деди ал.