Ысык-Көлдө "Тамгалар даңктайт Манасты" китебинин бет ачары өттү

Маданият Загрузка... 26 Апрель 2025 17:36
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
Жазгүл Мадинова

Жазгүл Мадинова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.04.25. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көлдүн Ак-Өлөң айылында С.Каралаев атындагы орто мектепте "Тамгалар даңктайт Манасты" китебинин бет ачары өттү.

Иш-чара Улуттук “Манас” академиясы тарабынан Балыкчы шаардык мэриясы жана шаардык билим берүү бөлүмү, С.Каралаев орто мектеби менен биргеликте уюштурулган.

Ага композитор Түгөлбай Казаков, манасчы Назаркул Сейдракманов, акын Кутмырза Жакыбалиев, коомдук ишмер Аймен Касенов жана академиянын кызматкерлери, аталган мектептин жамааты, окуучулар катышты.

Иш-чара алгач окуучулар тарабынан даярдалган “Алиппе” майрамы менен башталып, анда мектеп жана мектепке чейинки жаш курак балдарга арналган “Тамгалар даңктайт Манасты” китебинен алынган ырлар айтылып, концерттик программа менен коштолду. Ошондой эле Манасты жайылтууга көмөктөшкөндөргө академия тарабынан Саякбай Каралаевдин 3 томдук китеби жана Ардак грамота берилди.

Атай кетсек, “Тамгалар даңктайт Манасты” китеби 3 миң нуска менен чыгарылган. Эми аталган китептер республиканын бардык аймагындагы мектептерге да берилери айтылды.