Ысык-Көлдө суу транспортунун коопсуздугу талкууланды

Аймак 136 17 Август 2026 16:40
514528972_3470593999750441_1619646775967173824_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.08.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында туристтик сезон учурунда Ысык-Көлдүн акваториясында суу транспортунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кеңейтилген жыйын өткөрүлдү.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, жыйынга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында суу транспортун коопсуз пайдалануу, кырсыктардын алдын алуу, мыйзам бузууларды болтурбоо, чакан суу транспорт каражаттарын пайдалануу жана ижарага берүү, пирстердин, токтотуучу жайлардын коопсуздугу жана эскертүүчү белгилерди орнотуу маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына протоколдук тапшырмалар берилди. Туристтик сезон аяктаганга чейин биргелешкен рейддик жана алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча макулдашылды.