Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Кыргызстан биринчи жолу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жаш окумуштууларын бир аянтчага чогултат.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 5-июлдан 20-июлга чейин өлкөдө уюмга мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн эл аралык илимий-билим берүү лагери өтөт.
Иш-чара Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулуп, Ысык-Көлдөгү "Акылман" президенттик лицейинде өтөт.
Лагерге ШКУга мүчө өлкөлөрдөн мектеп окуучулары, профессорлор, илимий насаатчылар жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышат.
"Катышуучулар суу робототехникасы, астрономия жана маалыматтар илими, биомедицина, экологиялык химия жана кайра жаралуучу энергетика багыттары боюнча билим жана тажрыйба алмашат", - деп айтылат маалыматта.