Ысык-Көлдө шайлоо алдындагы мыйзам бузууларга каршы чаралар күчөтүлдү

Шайлоо 10 Ноябрь 2025 18:05
575754017_18033796481718141_4220160607232923581_n.jpg
580115597_18033796469718141_5812665819340427979_n.jpg
580375286_18033796460718141_1794016108005011201_n.jpg
581223238_18033796478718141_7231237143616925146_n.jpg
Алдыга
Артка
575754017_18033796481718141_4220160607232923581_n.jpg
580115597_18033796469718141_5812665819340427979_n.jpg
580375286_18033796460718141_1794016108005011201_n.jpg
581223238_18033796478718141_7231237143616925146_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 10.11.25 /Кабар/. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы шайлоо алдындагы мыйзам бузууларга каршы чараларды күчөттү.

Милициядан билдиришкендей, бүгүн облустук милициянын башчысы Мурат Боронов шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары жана бөлүм башчыларына кеңешме өткөрдү. Анда шайлоо алдындагы үгүт иштеринде мыйзам бузулуулардын алдын алуу жана ар бир талапкердин үгүт иштерин мыйзам чегинде көзөмөлдөө боюнча катуу талаптарды койду.

Мурат Боронов мыйзамдуулуктун шайлоолордун адилеттүү жана ачык өтүшү үчүн негизги шарт экенин белгилеп, жергиликтүү милиция башчыларына так көрсөтмөлөрдү берди.

Ысык-Көл ОИИБ облус аймагында шайлоону тынч өткөрүүгө кепилдик берүү менен шайлоо алдындагы процесстин коопсуздугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылууга толук даярдыгын билдирет.