Ысык-Көлдө сейрек кездешүүчү турна уялап, эки балапан чыгарды

Аймак 03 Июнь 2026 17:30
712703873_987359520583844_9118017518046996033_n.jpg
714561381_987359410583855_1244188391454002420_n.jpg
713744959_987359493917180_3295004677983357503_n.jpg
Алдыга
Артка
712703873_987359520583844_9118017518046996033_n.jpg
714561381_987359410583855_1244188391454002420_n.jpg
713744959_987359493917180_3295004677983357503_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. Ысык-Көлдүн тарыхында алгачкы жолу катардагы турнанын биринчи уя салуусу орун алды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-апрелде корукчу А. Калчаев Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун Жети-Өгүз корукчасындагы саздан катардагы турнанын уясын тапкан. Ал эми 24-май күнү ошол эле аймактан эки балапандуу жуп турналар кездешкен.

"Учурда корукчулар куштарды коргоп, көзөмөлдөп жатышат. Коруктун илимий кызматкери С. Кулагин бул тууралуу илимий макала жазып, ал Москвадагы Евразия турналары боюнча эл аралык жумушчу топтун бюллетенине жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкө тарыхында 1958-жылы гана катардагы турнанын уя салуусу Чүй өрөөнүндө катталган.