Бишкек, 03.06.25. /Кабар/. Тоң районундагы жарандар балык уулоодон өз ыктыяры менен баш тартышты.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын жана ИИМ жетекчилигинин тапшырмасынын негизинде Тоң районунун аймагында жашаган калк арасында кеңири масштабдагы профилактикалык-түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Бул иш-чаралардын жыйынтыгында, мурда Ысык-Көлдө балык уулоо менен алектенген бир катар жарандар мыйзам бузуу менен табиятты эксплуатациялоону токтотуп, Ысык-Көлдү сактап калууга жеке салым кошуу чечимин кабыл алышты. Алар атайын видео кайрылуу жасап, жалпы элди Кыргызстандын сыймыгы болгон Ысык-Көлдү коргоого чакырышты.
"Жарандар өз ыктыяры менен колдонуп жүргөн мотор кайыктарын Тоң РИИБдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Бул кадам табиятты коргоого багытталган жарандык жоопкерчиликтин ачык көрүнүшү катары бааланды",-деп айтылат маалыматта.