Ысык-Көлдө өрткө каршы 2 куткаруу бөлүгү ачылат

Аймак 26 Март 2026 10:35
1.jpg
656419314_1347156324123757_1766758265521531952_n.jpg
656748725_1347156384123751_2278171725591175704_n.jpg
656872118_1347156177457105_2418998879762631316_n.jpg
657067463_1347156194123770_9159265275822458476_n.jpg
657274056_1347156254123764_6287555666960224749_n.jpg
659046469_1347156234123766_7896457012882101840_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМ

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы эки заманбап куткаруу бөлүгүнүн имараты курулууда. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Күн мурун министрдин орун басары Азамат Мамбетов Ак-Суу районундагы жаңы өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн курулуш ишинен кабар алды.

Өздүк курам курулуп жаткан имарат алардын өрт өчүрүүдөгү мүмкүнчүлүгүн жаңы деңгээлге чыгарарын белгилешти.

Өз сөзүндө Мамбетов мындан ары да өрт өчүрүүчүлөрдүн кийимдери жаңыланып, иштөө шарттарын жакшыртуу аракеттери көрүлөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, учурда Ак-Суу районунда жана Кажы-Сай айылында өрткө каршы эки заманбап куткаруу бөлүгүнүн имараттарынын курулуш иштери аяктоо алдында турат.