Ысык-Көлдө РКӨФтүн колдоосу менен курулган “Ананьево” чакан ГЭСи ишке берилди

Экономика Загрузка... 15 Октябрь 2025 15:20

Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен курулган “Ананьево” чакан гидроэлектростанциясынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Чакан ГЭС буга чейин 29-августта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда, өлкө боюнча жаңы 67 ишкананы ачуу программасынын алкагында ишке киргизилген.

Фонддун төрагасы Артем Новиков белгилегендей, “Ананьево” ГЭСинин курулушу — таза энергетиканы өнүктүрүүгө жана аймактардын энергетикалык көз карандысыздыгын жогорулатууга багытталган долбоор жана мамлекет менен каржы институттарынын натыйжалуу өнөктөштүгүнүн үлгүсү болуп саналат.

“РКӨФ бул долбоорго 3,3 миллион АКШ доллар салды жана анын жалпы наркы болжол менен 5 миллион долларды түздү. 5,43 мегаватт кубаттуулуктагы станция жыл сайын 26,9 млн киловатт-саат электр энергиясын өндүрүп, Ысык-Көл облусунун тургундарын жана ишканаларын туруктуу электр энергиясы менен камсыз кыла алат”, - деп билдирди ал.

Долбоордун алкагында суу тосмосу курулуп, узундугу 6 чакырымдан ашкан деривациялык түтүк өткөрүлдү жана суунун деңгээли төмөн болгондо да натыйжалуу иштей ала турган заманбап “Пельтон” тибиндеги турбина орнотулган.

Фонддун жетекчисинин айтымында, РКӨФ мындан ары да аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган демилгелерге инвестиция салууну улантат.

“Экологиялык жактан таза энергетиканы өнүктүрүү — биздин инвестициялык стратегиябыздын негизги багыттарынын бири. Бул өлкөнүн узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүсүнө маанилүү салым деп эсептейбиз”,-деп баса белгиледи Новиков.