Ысык-Көлдө рейд учурунда 800 метр мыйзамсыз тор алынды

Аймак Загрузка... 27 Август 2025 10:50
copyright icon www

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө рейд учурунда 800 метр мыйзамсыз тор алынды.

Ысык-Көл облусттук Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, туристтик-экологиялык милиция кызматы браконьерликке каршы рейд учурунда Чоң-Өрүктү жана Орто-Өрүктү айылдарынын ортосундагы көл акваториясынан мыйзамсыз орнотулган торлорду аныктап, жалпы узундугу 800 метрди түзгөн торлорду алып чыкты.

Мындан сырткары, эскилиги жеткен, чирип бара жаткан жана көл түбүнө чөгүп калган торлор да табылып, атайын оордоткучтары (якорлору) суу алдынан чыгарылды.

"Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы жарандарды экологияны жана көлдүн биологиялык ресурстарын коргоого чакырып, мыйзам бузуу фактыларын ыкчам түрдө милицияга билдирүүнү эскертет",-деп айтылат маалыматта.