Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо максатында Чолпон-Ата шаары жана Бостери айылындагы ири соода түйүндөрүндө кезектеги рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Түшүндүрүү иштеринин алкагында дүкөн ээлерине Ысык-Көл аймагында полиэтилен баштыктарын колдонууга жана сатууга мыйзам түрүндө тыюу салынганы эскертилди.
Ишкерлер тез чирий турган, биологиялык жана экологиялык жактан коопсуз баштыктарга өтүшү керек жана сатыкка чыгарылган баштыктардын мамлекеттик органдар тарабынан берилген атайын шайкештик сертификаты болушу шарт.
Ошондой эле мыйзам талаптарын бузган соода түйүндөрүнө карата катуу чаралар көрүлөрү айтылды.
Соода жайларынын ээлери экологияны коргоо боюнча чектөөлөрдү туура кабыл алып, коопсуз альтернативага этап-этабы менен өтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Министрлик полиэтилен калдыктары көлдүн табиятына калыбына келгис зыян алып келерин белгилеп, мындай текшерүүлөр мындан ары да туруктуу жүргүзүлөрүн эскертет.