Ысык-Көлдө өнөр жай объектилери бар жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Коом Загрузка... 02 Июнь 2025 16:08
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 02.06.25 /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жеке менчикке мыйзамсыз өткөн өнөр жай объектилери жана жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылганын УКМК билдирди.

Төмөнкү объекттер кайтарылган:

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылындагы 899 кв.м. жер тилкеси, ал жерде мурда Ж.Алышбаев атындагы орто мектепти жылуулук менен камсыз кылуучу откана жайгашкан. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кереге-Таш айылынын тургуну К.А.Д. мыйзам бузганын мойнуна алды жана кыймылсыз мүлктү Ак-Суу районунун ЖӨБО балансына ыктыярдуу өткөрүп берди.

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология кызматына караштуу «Советское-Жыргалаң» гидрологиялык постунун балансында болгон Ак-Суу районунун Совет айылындагы 15 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси. Советское айылынын тургуну Т.К.С. (1995-жылдан бери аталган жер тилкесин жеке кызыкчылыгы үчүн мыйзамсыз пайдаланып келген) кыймылсыз мүлктү Ак-Суу районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Советское айылындагы 15 га өлчөмүндөгү айыл чарба жер тилкеси, Совет айылынын тургуну Т.К.С. (1995-жылдан тартып аталган жер участогун жеке кызыкчылыгы үчүн мыйзамсыз пайдаланган) кыймылсыз мүлктү Ак-Суу районунун ЖӨБО балансына ыктыярдуу өткөрүп берген.