Ысык-Көлдө мыйзамсыз коюлган 500 метр синтетикалык тор чыгарылды

Аймак 24 Май 2026 20:50
86f8f878-5a52-485c-a85a-8e3883461ade.jpeg
3e82075c-8733-465f-b827-6c7d4b1d6dde.jpeg
7c291023-d9f4-42d5-b630-25f4e8f5790d.jpeg
ad09b1d7-a5ca-4c22-a99c-e09fb5004e75.jpeg
93d42c3e-9c23-4037-b831-1509a9bcb7c3.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Экологиялык көзөмөл кызматы

Бишкек, 24.05.26. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл районунун Өрүктү жана Жаркынбай айыл аймактарындагы балык коруктарына рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.

Анын алкагында мыйзамсыз коюлган 500 метр кытай синтетикалык эски торлору алынды.

”Мындай торлор балыктардын массалык кырылышына, суу жаныбарларынын жабыркашына жана көлдүн экосистемасына олуттуу зыян келтирет”, - деп айтылат маалыматта.

Адистер белгилегендей, мыйзамсыз синтетикалык торлор өзгөчө кооптуу болуп саналат. Алар сууда чирибей узак убакыт жатып, балык ресурстарынын азайышына себеп болот.