Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган 18 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 10 ноябрь 2025 12:42
WhatsApp Image 2025-11-09 at 19.37.09 (1) (1).jpeg
photo_5229053976748166191_y.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-11-09 at 19.37.09 (1) (1).jpeg
photo_5229053976748166191_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган 18 жаштагы жаран кармалды.

Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, 8-ноябрда рейд учурунда Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 2007-жылы туулган А.У. аттуу тургуну мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен кармалган.

Бул факт Тоң РИИБдин КБРне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган шектүү КР КЖПКнын 96-97-беренелери негизинде камакка алынды.

Тергөө амалдары уланууда.