Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган Бишкектин тургуну аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 17 Июнь 2026 10:05
copyright icon Ысык-Көл ОИИБ

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Ысык-Көлдөн мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды.

Облустук милициядан билдиришкендей, күн мурун Туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Чолпон-Ата шаарында көл жээкте эс алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, балык уулоону сүйүүчүлөрдүн аракетинин мыйзамдуулугун текшеришкен.

Анда Бишкек шаарынын 1972-жылы туулган тургуну О.М. балык уулоого уруксат берүүчү документтерин көрсөтүүдөн баш тартып, мыйзамдуу талапка баш ийбей узак убакыт бою көлдө жүргөн. Кийин онлайн тартипте балык уулоого уруксат берүүчү документти сатып алган соң жээкке чыккан.

WhatsApp Image 2026-06-17 at 06.54.04.jpeg

Текшерүүнүн жүрүшүндө уруксат документинин алынган убактысы жана ал тарабынан кармалган 78 балыктын кармалган учуру дал келбестиги аныкталган.

Аталган факты каттоого алынып, далил зат катары алынган балыктар мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.

Учурда текшерүү иштери уланууда.