Ысык-Көлдө милиция 52 синтетикалык торду жок кылды

Аймак 09 Декабрь 2025 14:22
1.jpg
586695569_18036676448718141_6418255663037164406_n.jpg
586697440_18036676502718141_7148487358277349485_n.jpg
586705541_18036676493718141_9012678279160528350_n.jpg
586705705_18036676466718141_6124024549053774433_n.jpg
587273573_18036676421718141_2879360659013437225_n.jpg
587293531_18036676487718141_2217041241542974018_n.jpg
587814198_18036676445718141_7597869844620010080_n.jpg
589904840_18036676430718141_8228553151065727220_n.jpg
591108156_18036676490718141_9149108583824085160_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана көлдү мыйзамсыз балык уулоодон коргоо максатында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы тарабынан ыкчам-алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Облустук милициядан билдиришкендей, бул ирет Орто-Өрүктү жана Жаркынбай айыл аймактарынын акваториясында он күн бою жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө:

  • 52 даана эски синтетикалык тор (куйма бөлүгүнөн 2 тор) табылып, жок кылынды.
  • Көл жээктеринен таштандылар тазаланып, 4 кап таштанды жана кооптуу калдыктар чыгарылды.

Бул иш-чаралар көлдүн тазалыгын сактоого жана балык ресурстарын коргоого багытталган.