Ысык-Көлдө малдын ылаңдарына каршы күрөшүүгө арналган эл аралык семинар өтүүдө

Аймак 25 февраль 2025 14:30
photo_5325694645029695070_w.jpg
photo_5325694645029695071_w.jpg
photo_5325694645029695069_w.jpg
photo_5325694645029695068_w.jpg
photo_5325694645029695067_w.jpg
photo_5325694645029695072_w.jpg
photo_5325694645029695073_w.jpg
photo_5325694645029695075_w.jpg
photo_5325694645029695076_w.jpg
photo_5328154222476256705_w.jpg
Алдыга
Артка
photo_5325694645029695070_w.jpg
photo_5325694645029695071_w.jpg
photo_5325694645029695069_w.jpg
photo_5325694645029695068_w.jpg
photo_5325694645029695067_w.jpg
photo_5325694645029695072_w.jpg
photo_5325694645029695073_w.jpg
photo_5325694645029695075_w.jpg
photo_5325694645029695076_w.jpg
photo_5328154222476256705_w.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. 25-27-февраль күндөрү Ысык-Көл облусунда “Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун стандарттык жол-жоболор макамын расмий таануу” деген темада тегерек стол өтүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чараны Ветеринардык кызмат менен Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (мындан ары – БДЖССУ) Борбор Азия боюнча субрегионалдык өкүлчүлүгү биргеликте уюштурду. 

Тегерек столго уюмга мүчө мамлекеттердин (Россия, Борбор Азия жана Европа) өкүлдөрү жана эскперттери катышып жатат.  

Иш-чаранын жүрүшүндө аталган өлкөлөрдүн Ветеринардык кызматтарынын жетекчилери ар тараптуу кызматташуунун бардык маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаныбарлардын саламаттыгын көзөмөлдөө процедураларын андан ары күчөтүүнү көздөп жатышат.

Бул тегерек стол Кыргызстандын аймагында шарп жана кой-эчкинин кыргын ылаңдарына каршы күрөшүүнүн расмий программаларын бекитүү жана  эпизоотиялык бакубаттуулук макамын колдоо максатында уюштурулууда.           

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюму - дүйнө жүзү боюнча жаныбарлардын саламаттыгын жакшыртуу үчүн түзүлгөн жооптуу эл аралык уюм. Ал координациялоо, колдоо, жаныбарлардын ооруларына каршы күрөшүү, азык-түлүк коопсуздугу жана жаныбарлардын саламаттыгын жакшыртуу менен алектенет.

Эл аралык уюм транспаренттүүлүктү, илимий маалыматты, эл аралык тилектештикти, Ветеринардык кызматтардын ролун бекемдөөнү жана жогорулатууну жактайт.