Ташкент, 11.08.25. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү “Сальвадор” спорт комплексинде Кыргызстан, Беларусь, Кытай, Өзбекстан жана Казакстандын балбан кыздары окуу-машыгуу жыйынын өтүүдө.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, жыйындын алкагында балбан кыздар 8-августта жолдоштук беттеш өткөрдү.
Мындай биргелешкен машыгууларды өткөрүү менен балбан кыздар тажрыйба алмашуу жана спорттук чеберчиликти жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Иш-чаранын негизги максаты – алдыдагы эл аралык мелдештерге даярдык көрүү, спортчулардын дене тарбиялык жана техникалык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле достук байланыштарды бекемдөө болуп саналат.