Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан кышкы эс алуу жайларында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара кышкы эс алуу маалында кырсыктардын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү максатында уюштурулду. Эс алуучуларга жана кызмат көрсөткөн субъекттерге коопсуздук талаптары боюнча тиешелүү эскертүү жана маалыматтык билдирүүлөр таратылды.
Инспекторлор тарабынан коопсуздук эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү, коргоочу каражаттарды колдонуу, ошондой эле уюштуруучулардын жоопкерчилиги тууралуу кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, техникалык талаптардын аткарылышы жана коопсуз шарттардын түзүлүшү боюнча түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мындан ары да кышкы эс алуу жайларында жарандар үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу максатында профилактикалык жана көзөмөл иш-чараларын улантары белгиленди.