Бишкек, 16.01.26 /Кабар/. Ысык-Көлдө кыргоолдун саны көбөйүүдө. Аларга аңчылык кылгандарга чара күчөтүлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, Ысык-Көл облусунда жапайы жаратылышты коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жакшы жыйынтык берип, мурда аталган канаттуунун саны азайып кетсе, азыр популяциясы калыбына келе баштады.
Кыш мезгили аталган канаттуу үчүн эң оор учур болуп, бул мезгилде кошумча камкордукка муктаж болгондуктан, министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгына караштуу Ак-Суу райондук бөлүмү кыргоолдор байырлаган аймактарда жем чачуу иштерин уюштурду.
Ошондой эле мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар күчөтүлүп, жапайы жаратылышка зыян келтиргендерге жоопкерчилик катуулатылды. Адистердин айтымында, кыргоолдор үчүн учурдагы негизги коркунуч — жырткычтар, бул багытта да тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Күзгү куш санагынын жыйынтыгында Ак-Суу районунун аймагында 1200гө жакын кыргоол катталган. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшы көрсөткүч.