Кырчын жайлоосуна алып барчу жол асфальтталууда

Аймак 21 Апрель 2026 15:20
674365621_18049597583733957_724797708311755509_n.jpg
671784202_18049597595733957_168197488942393370_n.jpg
1.jpg
670798371_18049597556733957_1713638610836063691_n.jpg
671237095_18049597574733957_1669125493112372146_n.jpg
Алдыга
Артка
674365621_18049597583733957_724797708311755509_n.jpg
671784202_18049597595733957_168197488942393370_n.jpg
1.jpg
670798371_18049597556733957_1713638610836063691_n.jpg
671237095_18049597574733957_1669125493112372146_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кыргызавтожол" МИ

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө Кырчын жайлоосуна алып баруучу жол асфальтталууда. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен Семёновка – Ак-Суу унаа жолунун 21 чакырымын асфальттоо каралган. Учурда жолдун 8-12-чакырым аралыгына асфальт төшөлүүдө.

Аталган жол Кырчын жайлоосуна алып баруучу негизги каттамдардын бири болуп саналат. Жолдун жаңыланышы туристтер үчүн жеткиликтүүлүктү жакшыртып, аймакка келген эс алуучулардын агымын көбөйтүүгө, ошондой эле алдыда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле Григорьевка – Көл – Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырымы жаңыланат. Жалпысынан 34 чакырым жолду оңдоо пландалган. Учурда анын 10 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.