Ысык-Көлдө күн электр станциясынын курулушу кызуу жүрүүдө

Аймак 06 Ноябрь 2025 14:24
WhatsApp Image 2025-11-06 at 10.26.18.jpeg
IMG_4665 (1).JPG
IMG_4678 (1).JPG
WhatsApp Image 2025-11-06 at 10.26.26.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-11-06 at 10.26.18.jpeg
IMG_4665 (1).JPG
IMG_4678 (1).JPG
WhatsApp Image 2025-11-06 at 10.26.26.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барып, Кызыл-Өрүк айылындагы күн электр станциясынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

"РЭЦА" ЖЧКсынын директору Фам Минь Банг долбоордун ишке ашырылышы тууралуу кеңири маалымат берип, иш бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Азыркы учурда жумушчулар үчүн убактылуу турак-жай куруу иштери аяктоодо, подстанциянын пайдубалы жана 110 кВ электр берүү линиясы куюлууда, ошондой эле күн панелдери үчүн кронштейндер орнотулууда.

Энергетика министри курулуш мөөнөттөрүн так сактоо зарылдыгын баса белгилеп, "РЭЦА" компаниясынын директоруна аткарылып жаткан иштердин сапатына жана темпине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

150 МВтка чейин кубаттуулуктагы долбоордун биринчи фазасын аяктоо 2026-жылдын биринчи жарымына пландаштырылган.