Ысык-Көлдө көмөк чордондордун кубаттуулугу 56,5 МВАга жогорулатылат

Аймак 26 сентябрь 2025 11:47
553759327_18078075833476120_577320149829387164_n.jpg
553365719_18078075860476120_8686860433721541297_n.jpg
553369944_18078075869476120_4609496203983653986_n.jpg
554540952_18078075878476120_7820886840391035316_n.jpg
554899837_18078075842476120_2126776690613949578_n.jpg
555420958_18078075887476120_2499171341254105804_n.jpg
555452207_18078075857476120_8003057490800418992_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда көмөк чордондордун кубаттуулугу 56,5 МВАга жогорулатылат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул үчүн төмөндөгү көмөк чордондордо трансформаторлор алмаштырылды:

  • "Южная-1" көмөк чордонунда 10 МВА трансформатор 16 МВА трансформаторго;
  • "Саруу" көмөк чордонунда 6,3 МВА трансформатор 10 МВА трансформаторго;
  • "Кең-Суу" көмөк чордонунда 2,5 МВА трансформатор 4 МВА трансформаторго.

Алдыда төмөнкү көмөк чордондордо трансформаторлорду алмаштырылат:

  • "Пржевальск" көмөк чордонунда 25 МВА трансформатор 40 МВАга;
  • "Восточный" көмөк чордонунда 16 МВА трансформатор 25 МВАга;
  • "Покровка" көмөк чордонунда 10 МВА трансформатор 16 МВАга;
  • "Жети-Өгүз" көмөк чордонунда 10 МВА трансформаторлор 16 МВА

"Барскоон", "Улахол" көмөк чордондорунда дагы ушундай эле иштер жүргүзүлөт.

Бул өзгөртүүлөр электр жүктөмүнүн өсүшүнө даярдыкты камсыздап, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз энергия менен камсыздоону жакшыртат.

Жумуштар 2025-жылдын октябрь айында толук аяктайт. Ошону менен облустагы жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордун жалпы кубаттуулугу 56,5 МВАга жогорулатылат.