Ысык-Көлдөн суу сордурган курулуш компаниясына айып салынды

Аймак Загрузка... 19 Май 2026 09:20
copyright icon Экологиялык көзөмөл кызматы

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы интернет тармагында тараган видео боюнча ыкчам чара көрүп, жеринде текшерүү жүргүздү.

Аталган кызматтан билдиришкендей, буга чейин Тамчы айылында жергиликтүү активист курулуш компаниясы Ысык-Көлдөн суу сордурулуп жатканын видеого тартып, ал интернетке тарап кеткен.

"Бул боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада мыйзам бузуу фактысы толугу менен тастыкталды. Курчап турган чөйрөгө зыян келтиргендиги үчүн курулуш компаниясына Укук бузуулар кодексинин негизинде айып пул салынды. Экологиялык көзөмөл кызматы табиятка кайдыгер мамиле жасоого жол берилбей тургандыгын эскертет",-деп айтылат маалыматта.