Бишкек, 21.08.25. /Кабар/. 21-22-августта Ысык-Көлдө Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 100 жылдык мааракесине арналган эл аралык форум өтөт. Бул тууралуу Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Түркия, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Азербайжандан делегациялар келет.
Кыргызстандан министрликтердин өкүлдөрү, Кесиптик бирликтер федерациясы, Жогорку Кеңештин депутаттары, кесиптик бирлик кыймылынын ардагерлери, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери жана активисттери катышат.
Форумдун программасына пленардык жыйындар, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Түркиянын кесиптик бирлик уюмдары менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюу иш-чаралары, тематикалык тегерек столдор, тажрыйба алмашуулар өтөт.
Форумдун максаттары жана милдеттери:
- Билим жана илим тармагындагы эл аралык кесиптик бирлик кызматташтыгын чыңдоо;
- Билим берүү кызматкерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү;
- Кесиптик өсүү, квалификацияны жогорулатуу жана социалдык коргоо боюнча биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү;
- 100 жылдык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгаруу жана келечектеги стратегиялык багыттарды аныктоо.
Маалымат үчүн: Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги 1925-жылы негизделген. Учурда республика боюнча 3 997 баштапкы кесиптик бирлик уюмдары иш алып барат, жалпы мүчөлөрдүн саны 170 579 адамды түзөт, алардын ичинен 13 656 студент жана окуучу кесиптик бирлик кыймылына тартылган. Кесиптик бирликке жалпы 184 235 мүчө кирет.
Бүгүн кесиптик бирлик бир катар өлкөлөр менен эл аралык мамилелерди активдүү өнүктүрүүдө, ошондой эле жыл сайын миңдеген арыз ээлеринин укуктарын коргоп келет