Ысык-Көлдө катуу жаан күтүлөт – 8-июлга карата аба ырайы

Коом Загрузка... 08 Июль 2025 09:54
9976ee96ceff4fce91f26311308ee202.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Талас облусунда +29...+31, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын облусунда +24...+29 градус ысык болот.

Борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +33...+35 градуска көтөрүлөт.