Ысык-Көлдө иштеген чет өлкөлүктөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак Жүктөлүүдө... 15 Июль 2026 11:05
747931517_1329.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
747881588_1750.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
748026253_1342.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
748829437_2156.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
747669649_2926.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
747674611_1329.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
747736683_1329.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Ысык-Көл ОИИБ

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө чет элдик жумушчулар арасында миграциялык жана экологиялык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Туристтик-экологиялык милиция негизги жумушчу күчү тартылган Ак-Суу районундагы ири курулуш объектилеринде рейд жүргүздү.

Анда чет өлкөлүк жарандарга мыйзамдуу каттоодон өтүү, визалык режимди жана өлкөдө жүрүү эрежелерин так сактоо талабы эскертилди.

Ошондой эле Ысык-Көл өзгөчө корголуучу биосфералык аймак болгондуктан, курулуш жүргүзгөн ишканаларга тиричилик калдыктарын туура утилизациялоо жана жаратылышка зыян келтирбөө милдеттендирилди.

Милиция курулуш компанияларынын жетекчилерин өз жумушчуларына укуктук жана экологиялык эрежелерди үзгүлтүксүз түшүндүрүп турууга чакырат.